Нигерияда менингит эпидемиясы

Абуджа менен бирге 21 облуста менингит оорусунун аныкталганы белгиленди.

1966340
Нигерияда менингит эпидемиясы

Нигерияда менингит эпидемиясынан 52 адам каза болду.

Нигериянын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун (NCDC) билдирүүсүндө, 1-январдан 5-мартка чейин борбор шаар Абуджа менен бирге 21 облуста менингит оорусунун аныкталганы белгиленди.

Билдирүүдө аталган мезгилде 628 менингит оорусу катталып, алардын 52синин каза болгондугу маалымдалды.

Эпидемияны көзөмөлдөө үчүн иш-аракеттердин башталганы айтылган билдирүүдө, моюн жана башы ооругандардын ооруканага кайрылуусу керектиги эскертилди.

Билдирүүдө NCDCнын 2030-жылга чейин ооруну жеңүү боюнча глобалдык максаты баса белгиленди.

Мээден баштап бүт денени жабыркатуучу менингит аба аркылуу жугушу мүмкүн.



Тектеш кабарлар