«Фредди» бороону кыйратып кеткен Малави...

Малавинин экономика министри Состен Гвенгве апаат учурунда 43 көпүрө жана жол бузулганын, кайра курууга миллиондогон доллар керек экенин жарыялады.

1965765
«Фредди» бороону кыйратып кеткен Малави...

«Фредди» бороонунан улам 511 киши каза болгон Малавиде жашоону нормалдуу калыбына келтирүү аракеттери уланууда.

Быйыл экзамен тапшыра турган окуучулар бүгүнтөн тарта окуусун уланта башташты, ал эми 12-марттан тарта катуу шамал болгон аймактарда мектептер 17-апрелден тарта ачылат.

Катуу шамалдан улам пайда болгон сел жана суу ташкындарынан жапа чеккен жана мектептерге баш калкалаган жүздөгөн үй-бүлөлөр конуштарына кайта баштады.

Малавинин экономика министри Состен Гвенгве апаат учурунда 43 көпүрө жана жол бузулганын, кайра курууга миллиондогон доллар керек экенин жарыялады.

Бир тараптан аймактагы бороондон эң көп зыян тарткан Малавиге коңшу өлкөлөрдөн жана чет өлкөлөрдөн гуманитардык жардамдар келе баштады.

Жүздөгөн адамдар дагы эле табылбай жаткан өлкөдө бороондон 500 миңге жакын адам жабыркады деп болжолдонууда.

Африканын түштүк-чыгышында таасирин көрсөткөн «Фредди» бороонунан улам Малави, Мозамбик жана Мадагаскарда болжол менен 600 киши каза болду.

Дүйнөлүк метеорология уюму февраль айында башталган жана бир айдан ашык убакытка созулган «Фредди» тарыхтагы эң узакка созулган бороон болушу мүмкүн экенин жарыялады.



Тектеш кабарлар