ИКУ Израилди айыптады

ИКУ премьер-министр Биньямин Нетаньяху жетектеген Израиль өкмөтүнүн басып алынган Батыш Шериа жана Кудста 1029 жаңы мыйзамсыз турак жай куруу үчүн тендер ача турганына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

1965196
ИКУ Израилди айыптады

Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) Израилдин басып алынган Батыш Шериада мыйзамсыз конуштарга жаңы турак жай куруу аракетин айыптады.

ИКУ премьер-министр Биньямин Нетаньяху жетектеген Израиль өкмөтүнүн басып алынган Батыш Шериа жана Кудста 1029 жаңы мыйзамсыз турак жай куруу үчүн тендер ача турганына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө «колониялык отурукташуу саясатынын» мыйзамсыз жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин (БУУнун) 2334 резолюциясын (Израилди эл аралык укукка каршы болгон отурукташуу иш-аракеттерин тез арада жана толугу менен токтотууга чакырган чечим) баш болгон эл аралык мыйзамдар менен резолюцияларды бузганы белгиленди.

Билдирүүдө Израиль парламентинин 2005-жылы бошотулган басып алынган Батыш Шериада 4 мыйзамсыз жөөт конушунун кайрадан ачылышы жөнүндөгү мыйзамды бекитүүсү да айыпталып, эл аралык коомчулуктун кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу менен Палестина элине каршы укук бузууларын жана кол салууларын токтотуу үчүн Израилге кысым көрсөтүүгө чакырды.

Израилдин «Тынчтык азыр кыймылы» бейөкмөт уюму 24-мартта Беньямин Нетаньяху баштаган Израиль өкмөтүнүн басып алынган Батыш Шериада жана Кудстагы отурукташкан жерлерде 1029 жаңы мыйзамсыз турак жай куруу үчүн тендер ачканын жарыялады.



Тектеш кабарлар