Гутерриш: «Келгиле, баарыбыз үчүн суу коопсуздугун камсыздай турган келечекке кадам таштайлы»

Гутерриш БУУнун 2023-жылдагы Cуу конференциясынын жабылыш жыйынында сөз сүйлөдү.

1965017
Гутерриш: «Келгиле, баарыбыз үчүн суу коопсуздугун камсыздай турган келечекке кадам таштайлы»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш: «Келгиле, баарыбыз үчүн суу коопсуздугун камсыздай турган келечекке кадам таштайлы»,- деди.

Гутерриш БУУнун 2023-жылдагы Cуу конференциясынын жабылыш жыйынында сөз сүйлөдү.

Сууну коопсуз, туруктуу жана адилеттүү бөлүштүрүү үчүн «оюнду өзгөртүүчү, камтыган жана конкреттүү иш-аракеттерге багытталган милдеттенмелер» зарыл экенин баса белгилеген Гутерриш конференциянын алкагында түзүлгөн «Суу иш-аракетинин күн тартибинин» маанилүүлүгүн баса белгиледи.

2023-жылдагы БУУнун Суу конференциясынын маанилүү бир чындыкты ачыкка чыгарганын белгилеген Гутерриш суусуз туруктуу өнүгүүнүн мүмкүн эместигин, орток келечек үчүн инвестиция жасалышы зарылдыгын белгиледи.

Гутерриш: «Келгиле, баарыбыз үчүн суу коопсуздугун камсыздай ала турган келечекке кадам таштайлы»,-деп айтты.

БУУнун 77-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Чаба Көрөси конференциянын алкагында «Суу иш-аракетинин күн тартибине» колдоо көрсөтүү үчүн 300 миллиард доллардык милдеттенме алынганын билдирди.

Көрөси катышуучулардын БУУнун Башкы катчысынан сууну туруктуу пайдаланууну башкаруу үчүн БУУнун өкүлүн дайындоону жана институционалдык архитектураны курууну суранышканын айтты.

Конференцияда Түркияны өкүлдүк кылган Айыл чарба жана токой чарба министри Вахит Киришчи да Түркиянын чек аралаш өлкөлөрдүн сууга болгон муктаждыктарын дайыма эске алган түшүнүү менен иштээрин белгиледи.



Тектеш кабарлар