Сирияда АКШнын жол башчылыгындагы коалиция базасына кол салуу болду

Кол салууда 1 киши каза болуп, 6 киши жаракат алды

1964621
Сирияда АКШнын жол башчылыгындагы коалиция базасына кол салуу болду

Сириянын Хасеке аймагында АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШ менен күрөшүү коалициясынын базасына учкучсуз учуучу аппарат менен жасалган кол салууда 1 киши каза болуп, 6 киши жаракат алды.

АКШнын Коргоо министрлигинен (Пентагон) жасалган билдирүүдө, кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:30 чамасында учкучсуз учуучу аппараттын  ДЕАШка каршы коалицияга таандык бир тейлөө объектисин аткандыгын жарыялады.

Билдирүүдө кол салуудан АКШ менен кызматташкан 1 контракттык кызматкердин каза болуп, 1 контракттык кызматкердин жана 5 АКШ аскеринин жаралангандыгы маалымдалды.

Чалгындоо уюмунун сөз болуп жаткан учкучсуз учактын Иранга таандык экендиги белгиленген билдирүүсүндө АКШнын коргоо министри Ллойд Остиндин  баа берүүсү да сынга алынды.

Остин : «Президент Байдендин көрсөтмөсү менен АКШнын борбордук командирлигинин күчтөрүнө, Иран Төңкөрүш Гвардиясы армиясы менен байланыштуу топтор колдонгон объектилерге абадан кол салуу жоопкерчилигин бердим. Бул кол салуу бүгүнкү кол салуу менен бирге Иран Төңкөрүш Гвардиясы армиясы менен байланышы бар топтор тарабынан Сириядагы коалиция күчтөрүнө карата акыркы мезгилде жасалган бир нече кол салууга жооп катары ишке ашырылды»,- деди.

АКШнын кол салуусунун Американын кызматкерлерин коргоо максатында жасалгандыгын айткан Остин кол салуунун чыңалууну күчөтүү коркунучун азайтуу үчүн пропорционалдуу кол салуу болгондугун белгиледи.

 



Тектеш кабарлар