Түркия Израилди айыптады

Түркия  Израилдин Газа тилкесинен чыгуу жана Батыш Шериада айрым мыйзамсыз конуштардын бошотулушуна байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүсүн айыптады.

1963657
Түркия Израилди айыптады

Түркия  Израилдин Газа тилкесинен чыгуу жана Батыш Шериада айрым мыйзамсыз конуштардын бошотулушуна байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүсүн айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Иерусалим жана Батыш Шериада күчөгөн чыңалуудан тынчсыздануулардын болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө Израилдин Газа тилкесинен чыгышын жана Батыш Шериадагы кээ бир мыйзамсыз конуштардын бошотулушун күткөн 2005 - жылдагы «Чыгып кетүү мыйзамында» Хомеш, Ганим, Кадим, Са-Нур поселокторун бошотуу беренелеринин жоюлушун күткөн мыйзамдык  өзгөртүүнүн кабыл алынышынын айыпталгандыгы билдирилди.  

Израиль кабинет мүчөлөрүнүн айрымдарынын Палестина  мамлекети жана калкына байланыштуу ортого салган, саясий, тарыхый же актуалдуу чындыктар менен эч кандай дал келбеген, жоопкерчиликсиз жана провокациялык айыптоолору да четке кагылган билдирүүдө : «Тараптарды 19 -  мартта Шарм Ел Шейхте макулдашылган бардык маселелерди, Иерусалимдин тарыхый статусун жана ыйык жерлерге сый көрсөтүүгө,  бардык жагдайларды токтоосуз түрдө ишке ашырууга жана Пасах майрамына туура келген Рамазан айынын тынчтык ичинде өтүшүн каалап, сабырдуулук жана акыл-эстүүлүккө  чакырабыз», - деп айтылды.



Тектеш кабарлар