Дүйнөлүк укук бузуулар отчету

UHİM жетекчиси Вейсел Башар Стамбулда өткөргөн маалымат жыйынында, быйылкы жылы даярдалган дүйнөлүк укук бузуулар боюнча 11-отчетту коомчулук менен бөлүштү.

1963568
Дүйнөлүк укук бузуулар отчету

Эл аралык укук бузууларды көзөмөлдөө борбору (UHİM) “Дүйнөлүк укук бузуулар боюнча 2022-жылдын отчетун” жарыялады.

UHİM жетекчиси Вейсел Башар Стамбулда өткөргөн маалымат жыйынында, быйылкы жылы даярдалган дүйнөлүк укук бузуулар боюнча 11-отчетту коомчулук менен бөлүштү.

Отчетто исламофобияга байланыштуу көрсөткүчтөргө токтолгон Башар: «Быйыл 6 миң 270 исламофобиялык кол салуу менен рекорд жаңырды. Америка жана Европада этникалык-диний дискриминация менен качкындарга карата мамиленин, бул өлкөлөрдө ашкере оңчулдардын күчөшүнө, өздүк кагылышууларга жана укук бузууларга себеп болгону аныкталды. Европа Биримдигиндеги укук бузууларда Исламга каршы жасалган кол салуулар жыл сайын көбөйүүдө»,-деди.

Башар АКШда эң негизги адам укуктарынын бузулушу катары расага жана динге негизделген дискриминациянын биринчи планга чыкканын, АКШда жана ЕБ өлкөлөрүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан өлүмгө алып келген мыйзамсыз жана пропорционалдуу эмес зордук-зомбулуктун колдонулушу олуттуу түрдө өсүп, мунун негизинен качкындар жана иммигрант топторго карата басмырлоочу жана расисттик элементтерди камтыганын билдирди.

2021-2022-жылдын биринчи жарымына чейин 41 миң 523 мыйзамсыз мигрант Греция тарабынан Эгей деңизинде артка сүрүлгөнүн айткан Вейсел Башар: «Ошол эле мезгилде 86 мигрант тоңуп өлдү же сууга чөгүп каза болду. Грециянын чек арасына барган 8000дей качкындын 88 пайызы ур-токмокко, 97 пайызы уурулукка дуушар болду, 49 пайызы чечинүүгө мажбурланып, 16 пайызы сууга чөгүп каза тапты. Алардын 19 пайызы октон, 5 пайызы сексуалдык зомбулуктан жана 8 пайызы электр тогуна душар болду»,- деп маалымдады.

Башар 23-январга карата Украина менен Орусиянын ортосундагы согушта 7 миңден ашуун жарандын каза болгондугун, 11 миллион кишинин баш калкалоочу абалга айланганын белгиледи.

Иранда укук коргоо органдарынын пропорционалдуу эмес күч колдонуусунан улам «жашоо», «материалдык жана моралдык дене кол тийбестик», «эркиндиктен ажыратуу» сыяктуу укуктардын бузулганын, кол салууларда 29у аял, 63ү 18 жашка чыга элек жалпы 458 кишинин болгонун кабарлады. 



Тектеш кабарлар