Шольц менен Алиев жолугушту

Эки лидер борбор шаар Берлиндеги жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

1959933
Шольц менен Алиев жолугушту

Германиянын канцлери Олаф Шольц, Азербайжандын Германия жана Европа Биримдиги (ЕБ) үчүн маанилүү өнөктөш экенин айтты.

Шольц менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев борбор шаар Берлиндеги жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын кандайча тереңдетилиши керектиги талкууланганын белгилеген Шольц, Азербайжан менен ЕБнин Чыгыш өнөктөштүктүн алкагында дагы да тыгыз кызматташууну каалаганын билдирди.

Шольц: «Азербайжан Германия жана Евробиримдик үчүн барган сайын маанилүү өнөктөш болуп баратат»,- деп баа берди.

Азербайжандын Германия жана Европанын энергия менен камсыз кылуусун кеңейтүү потенциалына ээ экенине көңүл бурган Шольц, Орусия-Украина согушунун Азербайжан жана Түштүк Кавказга тийгизген таасирин да сүйлөшүшкөндөрүн айтты.

Орусиянын Украинага кол салышынын эл аралык мыйзамдардын бузулушу экенин белгилеген Шольц, Орусиянын президенти Владимир Путиндин планынан баш тартып, Украинадан аскерлерин чыгарып кетиши керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Германиянын Армения-Азербайжан чек арасындагы ыраатсыздыкка тынчсызданганын, бул абалдын узак мөөнөттүү келечекте туруктуу эмес экенин жана чыңалууну курчутуу коркунучу бар экенине басым жасаган Шольц, жаңжалдын тынчтык жолу менен чечилишинин Армения менен Азербайжандын аймактык бүтүндүгүнүн принцибине негизделиши керектигин айтты.

Азербайжандын президенти Алиев да тынчтык сунуш кылынган Армениянын бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашы керектигин билдирди.

Европа менен энергетика тармагында кызматташуу боюнча жакшы ниет келишимине кол койгондорун маалымдаган Алиев: «Биз Европага газ экспортубузду көбөйтүп жатабыз. Быйыл газ экспортун 8 миллиард куб метрден 12 миллиард куб метрге көтөрүүнү максат кылып жатабыз. Бул биздин экспорттубуздун жарымына туура келет»,-деди.

Берлинде 30га жакын немис ишкерлери менен жолугушканын айткан Алиев, немис ишкерлерин инвестиция темаларын сүйлөшүү үчүн Азербайжанга чакырды.



Тектеш кабарлар