Путин «Түндүк Агым» газ куурларындагы жардыруулар тууралуу билдирүү жасады

Путин Орусиянын мамлекеттик каналы Россия-1ге өткөн жылы «Түндүк Агым» жаратылыш газ куурларында болгон жарылуулар тууралуу билдирүү жасады.

1960036
Путин «Түндүк Агым» газ куурларындагы жардыруулар тууралуу билдирүү жасады

 

Орус президенти Владимир Путин «Түндүк Агым» газ куурларына саботажды украин топтору жасады деген дооматтардын «болбос сөз» экенин жана муну мамлекеттик деңгээлде гана жасоого болорун айтты.

Путин Орусиянын мамлекеттик каналы Россия-1ге өткөн жылы «Түндүк Агым» жаратылыш газ куурларында болгон жарылуулар тууралуу билдирүү жасады.

Батыш басма сөзүндөгү кээ бир украиналык активист топтордун газ куурларын саботаж кылганы жөнүндөгү айыптоолорго баа берип жатып Путин: «Мен мунун сандырактык экенине ишенем. Мындай күчтүү жана терең жарылууга мамлекеттин толук күчү менен белгилүү бир технологиялар менен эксперттер гана жетише алат»,-деп айтты.

Батыш өлкөлөрүнүн буга жетише аларына көңүл бурган Путин, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) бул ишке кызыкдар экенин айтты.

Путин: «Орусия газынан 25-30 пайызга кымбат болсо да, суюлтулган газды кошо алганда өзүнүкүн ташууга жана Орусиянын энергетикалык компанияларынын европалык рынокко жеткирүүсүн токтотуу үчүн, албетте, теориялык жактан АКШнын буга тиешеси бар»,-деди.

Путин ошондой эле куурдун боюна бир нече жардыруучу зат коюлганын, алардын айрымдары белгисиз себептерден улам жарылбай калганын белгиледи.

Түндүк Агымдагы жарылуунун абдан чоң болгонуна көңүл бурган Путин түтүктөрдүн чоң бөлүгүнүн сынганын айтты. Ушул себептен улам түтүктү оңдоо оңой болбостугун айткан Путин мындай чоң окуядан кийин мындай системаларды оңдоонун дүйнөдө бир мисалы жок экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар