Перудагы бороон-чапкын тууралуу эскертүү
Перунун президенти Дина Болуарте кызгылт-сары денгээлден кызыл эскертүүгө өткөндөрүн белгиледи.
Перунун президенти Дина Болуарте тропикалык «Яку» бороонунан улам келип чыгышы мүмкүн болгон климаттык окуялар менен күрөшүү үчүн борбор шаар Лимада кызыл эскертүү жарыялагандарын айтты.
Болуарте кызгылт-сары денгээлден кызыл эскертүүгө өткөндөрүн белгилеп : «Бороондордон улам нөшөрлөгөн жамгыр күтүлүп жатат, жарандык коргонуу системасы, куралдуу күчтөр жана улуттук полиция кызматкерлери күжүрмөн даярдыкта. Мектептерде жана университеттерде окуу бир күнгө токтотулду»,-деп айтты.
Лимадан өткөн Чиллон, Римак жана Лурин дарыяларынын толуп кетүү коркунучу бар экенин белгилеген Болуарте, аймакта эксперттик издөө-куткаруу тобунун иштей турганын жарыялады.
Жарандардан саякаттарын кийинкиге жылдырууну суранган Болуарте: «Өкмөт туруктуу координациялоонун үч деңгээлин бекитти. Биз жарандардан сабырдуулукту, бирок бороондун таасирине каршы сак болууну суранабыз»,-деди.
Премьер-министр Альберто Отарола да бороондун кыйратуучу таасирине каршы коомчулукту эскертип: «Көрүлгөн чаралар Лима жана Каллао аймагында 24 саат бою жарандардын кызматында болот»,-деп билдирди.
Тынч океанда пайда болгон «Яку» бороонунун өлкөнүн жээктеринде бүгүн түндөн баштап таасирдүү болоору күтүлүүдө.