Европа Биримдигинин санкцияларды узартуу чечими

Европа Кеңешинин билдирүүсүндө, чектөө чараларынын 2023-жылдын 15-сентябрына чейин узартылганы билдирилди.

1959126
Европа Биримдигинин санкцияларды узартуу чечими

Европа Биримдиги (ЕБ) Украинанын жеринин бүтүндүгүн, эгемендигин жана көз карандысыздыгын бутага алган жеке адамдарга жана уюмдарга каршы санкцияларды 6 айга узартты.

Европа Кеңешинин билдирүүсүндө, чектөө чараларынын 2023-жылдын 15-сентябрына чейин узартылганы билдирилди.

Санкциялардын арасында активдерди тоңдуруу, саякатка чыгууга тыюу салуу жана тизмедегилердин каржылык фонд камсыздоосуна тыюу салуу кирет.

Учурдагы санкциялар учурда 1473 жеке жана 205 юридикалык жакты камтыйт.

Бул адамдардын жана уюмдардын көбү Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салгандан кийин санкция тизмесине киргизилген.

Санкциялар менен Евробиримдик Орусиянын экономикасын алсыратууну, анын маанилүү технологияларга жана рынокторго кирүүсүн токтотууну жана согушуу мүмкүнчүлүгүн кыскартууну көздөйт.



Тектеш кабарлар