НАСА астероиддин 2046 - жылы жерге урунуу ыктымалы тууралуу билдирди

НАСА жетекчилери "2023 DW" иликтенип, кошумча анализдер жасалган сайын бул ыктымалдын маанилүү өлчөмдө өзгөрүшү мүмкүн экендиги тууралуу көз карашыты билдиришти.

1958258
НАСА  астероиддин 2046 - жылы жерге урунуу ыктымалы тууралуу билдирди

АКШнын Авиациялык жана космостук агенттиги НАСА 2046 -  жылы «кичинекей болсо да» жерге урунуу ыктымалы болгон астероиддин байкалгандыгын билдирди.

НАСАнын Планетардык коргонуу координациялык кеңсесинин маалыматына караганда, февраль айынын башынан бери кыймылы байкалган олимпиадалык көлөмдөгү бассейндин чоңдугуна жакын астероид 23 жылдын ичинде жерге эң жакын аралыктан өтүп, потенциалдуу кагылышуу ыктымалына ээ болот.

"2023 DW" деп аталган таштын жерге урунуу ыктымалы Европа космостук агенттигинин билдирүүсү боюнча 625те 1, НАСАнын билдирүүсү боюнча 560та 1 деп эсептелди.

НАСА жетекчилери "2023 DW" иликтенип, кошумча анализдер жасалган сайын бул ыктымалдын маанилүү өлчөмдө өзгөрүшү мүмкүн экендиги тууралуу көз карашыты билдиришти.

НАСАнын маалыматы боюнча, 2023 DW диаметри болжол менен 50 метр деп эсептелип, астероиттин 2046 - жылдын 14 - февралында жерден 1,8 миллион километр алыстыктан ​​өтөөрү болжолдолууда.



Тектеш кабарлар