Индияда "H3N2" вирусунан каза болгондор катталды

Индиянын NDTV теле каналынын кабарына караганда саламаттыкты сактоо кызматкерлери Карнатака штатында сасык тумоого себеп болгон «H3N2» грипп вирусунан 82 жаштагы бир кишинин ооруканада каза болгондугун билдирди.

1958221
Индияда  "H3N2" вирусунан каза болгондор катталды

Индияда эки адамдын өлүмүнө себеп болгон "H3N2" вирусу менен өлкөдө биринчи жолу "H3N2" вирусунан каза болгондор катталды.

Индиянын NDTV теле каналынын кабарына караганда саламаттыкты сактоо кызматкерлери Карнатака штатында сасык тумоого себеп болгон «H3N2» грипп вирусунан 82 жаштагы бир кишинин ооруканада каза болгондугун билдирди.

Жетекчилер кант диабети жана гипертония сыяктуу оорулары бар бул адамдын өлкөдө "H3N2" вирусунан каза болгон биринчи адам экенин билдирди.

Харьяна штатында "H3N2" диагнозу коюлган 56 жаштагы кишинин үйүндө каза болгонун белгилеген жетекчилер, бул адамдын да өпкө рагына кабылганын айтышты.

Жетекчилер  өлкөдө 90го жакын адамда "H3N2" вирусунун аныкталганын жарыялап, айдын аягына карата оорулардын санында азаюну  күтүп жатышкандарын белгилешти.

Чочко тумоосунан да коркунучтуу экендиги айтылган «H3N2» белгилеринин арасында ысытма, тамак оору, дененин начарлоосу,  булчуңдардын жана муундардын оорушу менен коштолгон катуу жөтөл бар.



Тектеш кабарлар