Ляйен-Зеленский жолугушуусу

Фон дер Ляйен социалдык тармактан билдирүү жасады.

1957548
Ляйен-Зеленский жолугушуусу

Евробиримдик (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен Украинанын президенти Владимир Зеленский, Орусиянын шаршемби күнү түнү Украинага жасаган ракеталык чабуулдарынан кийин жолугушту.

Фон дер Ляйен социалдык тармактагы билдирүүсүндө, Зеленский менен кол салуулар тууралуу сүйлөшкөнүн айтып: «Орусиянын жарандарды жана энергетикалык инфраструктураны атайылап бутага алуусу согуш кылмышы болуп саналат»,- деди.

Еврокомиссиянын төрайымы, кол салуулардын Украинанын Евробиримдикке карай реформа аракеттерин илгерилетүү боюнча биргелешкен чечкиндүүлүктү күчтөндүргөнүн билдирди.

Украинанын Башкы штабынын башчысы Валерий Залужный, шаршемби күнү түнү Орусиянын Украинанын маанилүү инфраструктурасына 81 ракеталык чабуул жасаганын кабарлаган.



Тектеш кабарлар