Илон Масктын Техаста өз шаарын курары айтылууда

Wall Street Journal (WSJ) гезити жарыялаган кабарга караганда, бул шаар Остин штатына жакын жайгашкан Бастроп округунда курулат.

1957767
Илон Масктын Техаста өз шаарын курары айтылууда

SpaceX жана Twitter компанияларынын ээси Илон Масктын АКШнын Техас штатына жакын аймакта өз шаарын курууну пландап жатканы билдирилди.

Wall Street Journal (WSJ) гезити жарыялаган кабарга караганда, бул шаар Остин штатына жакын жайгашкан Бастроп округунда курулат.

Курулуп жаткан Boring жана SpaceX объектилеринин жанындагы аймакка пайдубалынын түптөлүшү пландалган шаардын, Масктын фирмаларында иштегендердин рынок баасынан төмөн ижара акысы менен жаңы үйлөргө көчүүсүнө шарт түзөрү айтылууда.

Техас мыйзамына ылайык, районду шаар катары кабыл алуу үчүн арыз берүүдөн мурун ал райондо кеминде 201 адам жашашы керек. Бул процесстен кийин райондук судьянын макулдугу алынат.

Бастроп округунун расмий өкүлүнүн билдирүүсүндө, Масктан же ага таандык уюмдан азырынча эч кандай арыз түшө электиги белгиленди.



Тектеш кабарлар