Россия Украинанын энергетикалык объектилерине кол салды
Украинанын Энергетика министрлиги Россиянын бүгүн түнү Украинанын 7 аймагындагы энергетикалык объектилерге кол салганын билдирди.
Украинанын Энергетика министрлиги Россиянын бүгүн түнү Украинанын 7 аймагындагы энергетикалык объектилерге кол салганын билдирди.
Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Россиянын түнү Украинанын энергетика инфраструктурасына дагы бир «варварлык кол салуу» жасаганы белгиленди.
Билдирүүдө : "Кол салуулардын натыйжасында Запорожье атомдук станциясын азыктандырган акыркы линия жабыркады. Учурда станция дизелдик генераторлор менен иштеп жатат",-деп айтылды.
«Орустар дүйнөнүн ядролук апааттын босогосуна алып келди»,- деп баа берилген билдирүүдө бул кол салуулардын БУУ менен Запорожье ядролук станциясынын аскерлерден тазалоо тууралуу сүйлөшүүлрдөн кийин болгондугуна көңүл бурулду.
Билдирүүдө 9 - март күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:30дан тарта Киев, Николаев, Харьков, Запорожье, Одесса, Днепропетровск жана Житомир облустарынын энергетикалык объектилерине кол салуулардын катталгандыгы белгиленди.
Бир тараптан Украинанын Мамлекеттик атомдук энергия фирмасы Энергоатом да жалпы кубаттуулугу 9 миң мегаватт болгон Пивденнукрайнск, Хмельницкий жана Ровно атомдук станцияларынын кубаттуулугун ракеталык чабуул коркунучунан улам 4 миң 700 мегаватка түшүргөнүн жарыялады.