Европа Биримдиги Косового визасыз саякат үчүн мүмкүнчүлүк берди

Визадан бошотуу чечими Европа Парламенти тарабынан да бекитилип, Европа Биримдигинин расмий журналында жарыяланышы керек.

1957449
Европа Биримдиги Косового визасыз саякат үчүн  мүмкүнчүлүк берди

Европа Биримдиги Кеңеши Косово паспортунун ээлерине визасыз саякат мүмкүнчүлүгүн  берүү чечимине жашыл жарык жакты. Европа Кеңешинин билдирүүсүнө караганда, Косово үчүн визаны либералдаштыруу эрежелери Косоволук визасы ээлерине Европа Биримдиги өлкөлөрүндө 180 күн ичинде 90 күн визасыз жүрүүгө мүмкүндүк берет.

Визадан бошотуу Европа саякат тууралуу маалымат жана авторизациялоо системасы (ETIAS) иштей баштаган күндөн тартып же 2024 - жылдын 1 - январында күчүнө кирет. Эгерде ETIAS 2024-жылга чейин күчүнө кирсе, бул күн эске алынат.

Визадан бошотуу чечими Европа Парламенти тарабынан да бекитилип, Европа Биримдигинин расмий журналында жарыяланышы керек.

 



Тектеш кабарлар