Жо Байден менен Макрон телефон аркылуу сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Украинага жардам жана Индо-Тынч океандагы кызматташтыкты талкуулады.

1956437

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Байдендин Франциянын президенти Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды.

Маалыматта лидерлердин Украинага берилген колдоо жана коопсуздук жардамдарын берүүнү улантуу чечими менен бирге Россияга агрессиясынан улам төлөп берүү милдеттенмеси талкууланды.

 Байден менен Макрондун Индо-Тынч океан аймагындагы АКШ менен Франциянын кызматташтыгынын  талкуулагандыгы билдирилген маалыматта   Кытайдын эрежелерге негизделген эл аралык тартипке каршы алып келген кыйынчылыктарынын алкагында биргелешкен аракеттерди сүйлөшкөндөрү белгиленди.

Маалыматта лидерлердин таза энергетикага өтүүнү ылдамдатуу тууралуу жакын кызматташтык түзүү убадаларын кайталагандары да билдирилди.

Тектеш кабарлар