Түштүк Суданда холера бейтаптары көбөйүп баратат

Түштүк Суданда 22 - февралдан бери холера оорусу 179 кишиде байкалып, алардын бирөөсүнүн каза болгону кабарланды.

1956780
Түштүк Суданда холера  бейтаптары көбөйүп баратат

Түштүк Суданда 22 - февралдан бери холера оорусу 179 кишиде байкалып, алардын бирөөсүнүн каза болгону кабарланды.

Түштүк Судандын саламаттыкты сактоо министри Йоланда Авел Денг Жуач 22 - февралга карата Жогорку Нил штатынын Малакал аймагында 179 кишиде холеранын аныкталганын жарыялады.

Холера диагнозу коюлган адамдардын биринин каза болгонун жарыялаган Жуач, бейтаптардын 106нын эркек, 73нүн аял экендигин билдирди.

Жуач эпидемиядан эң көп балдардын жабыркаганын, алардын 170ши  0-4 жаштагы балдар экенин белгиледи.

Көптөгөн адамдарда холера аныкталгандан кийин, өкмөт өлкөдө холера эпидемиясын жарыялады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана өкмөттөрдүн көргөн чаралары менен көптөгөн жылдар азайган холера оорусу климаттын өзгөрүшү жана жакырчылык сыяктуу себептерден улам кайрадан көбөйө баштады.

Африканын 54 өлкөсүнүн 12синде аныкталган холера эпидемиясынан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн арасында Түштүк Африка, Танзания, Зимбабве жана Мозамбик бар.

Дүйнөлүк  Саламаттыкты Сактоо Уюму Африкадагы холера эпидемиясына каршы көбүрөөк жардам көрсөтүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар