New York Times гезити : "Түндүк Агым кууруна карата кол салууну украиналык топ жасады"

New York Times гезити америкалык жетекчилердин чалгындоо маалыматынын негизинде  куурларга чабуулду украиначыл топтун жасагандыгын ойлошкондорун жазган.

1956700
New York Times гезити  : "Түндүк Агым кууруна карата кол салууну украиналык топ жасады"

Россиядан Европага жаратылыш газ ташыган Түндүк Агым  1  жана 2 кууруна жасалган саботаж тууралуу Америка басма сөзүндө  кызыктуу ырастоолор ортого салынды.

New York Times гезити америкалык жетекчилердин чалгындоо маалыматынын негизинде  куурларга чабуулду украиначыл топтун жасагандыгын ойлошкондорун жазган.

Жетекчилердин сөз болгон чалгындоо маалыматты кантип алганы тууралуу маалымат берилген жок.

Кабарда Түндүк Агым куурун жардыргандардын Украина өкмөтүнөн буюртма алгандыгы тууралуу эч бир далилдин жок экендиги белгиленди бирок Украина өкмөтүнүн коопсуздук бөлүктөрү менен байланышы болгон бир субподрядчик тарабынан ишке ашырылуу ыктымалына да орун берилди.

Кабар эл аралык масштабда кенен жайылды.

Украина өкмөтү Түндүк Агым кууруна карата кол салууга аралашпагандыгын жана маалыматынын жок экендигин белгиледи.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков америкалык жетекчилердин териштирүү болбостон кол салуулар тууралуу божомолдорду айтышы «таң калтыруучу» экендигин айтты. Песков чукул жана так иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Немис өкмөтү айтылгандарга көңүл бургандары тууралуу билдирүү жасады.

Россиядан Европага жаратылыш газ өткөрүлгөн Түндүк Агым кууру 2022 -  жылы сентябрь айында жасалган саботаждын натыйжасында иштен чыккан.

Вашингтон жана Москванын ортосунда геоэкономикалык согушка айланган Түндүк Агым кууруна жасалган саботаж тууралуу эки борбор шаар бири бирин айыптады.

Россиянын тышкы иштер министрлиги мындан мурда куурдун иштебешинен Вашингтондун пайдаланарын; Америка башкаруусунун жаратылыш газ сатууларын көбөйтүшү мүмкүн экендигин ортого салган.

Ак үй Россиянын айыптоолорун четке кагууда.

Экинчиси, чоң ишти аткарууга милдеттенген подрядчыдан жумуш алып, ал үчүн иштин каалаган бөлүгүн аткарган кенже подрядчы.

 



Тектеш кабарлар