Индия - Франция аскердик машыгуусу

Кечээ Индия менен Франциянын армияларынын ортосунда «FRINJEX-23» аттуу биринчи биргелешкен аскердик машыгуу  башталды.

1956595
Индия  -  Франция аскердик машыгуусу

Кечээ Индия менен Франциянын армияларынын ортосунда «FRINJEX-23» аттуу биринчи биргелешкен аскердик машыгуу  башталды.

Индия армиясынын түштүк командирлигинин Твиттерден берген билдирүүсүндө : "Индия армиясы менен француз армиясынын ортосундагы биринчи биргелешкен аскердик машыгуу, FRINJEX 2023 Тируванантапурамда башталды. Машыгуу эки өлкөнүн армияларынын ортосундагы кызматташтыкты жана синергетиканы арттырууну максат кылууда." деп айтылды. 

Коргоо министрлигинин 6 - марттагы билдирүүсүндө, кечээ башталган 2 күндүк машыгуунун Керала штатынын борбор шаары Тируванантапурамдагы Пангоде аскердик базасында өткөрүлө турганы белгиленген.

Билдирүүдө эки армиянын биринчи жолу биргелешкен машыгуу өткөргөнү тууралуу маалымат орун алган.



Тектеш кабарлар