Google 8 - Март Аялдардын эл аралык күнүнө карата атайын "дудл" даярдады
Маанилүү күндөрдү же адамдарды өз баракчасында дудлдар аркылуу колдонуучуларга тартуулаган Google 8 - Март Эл аралык аялдар күнүн да унуткан жок.
Google 8 - Март Аялдардын эл аралык күнүнө карата атайын "дудл" даярдады.
Маанилүү күндөрдү же адамдарды өз баракчасында дудлдар аркылуу колдонуучуларга тартуулаган Google 8 - Март Эл аралык аялдар күнүн да унуткан жок.
Google'дун башкы бетине киргендер бүгүн үчүн атайын даярдалган логотипке туш болушат. Ар кандай кесиптеги аялдар тартылган сүрөттү баскан колдонуучулар: "2023 - жылдын Эл аралык аялдар күнүн бүгүнкү дудл менен белгилеп жатабыз",- деген билдирүү жана түрдүү түстүү конфеттер менен кездешет.
Дудл тиркемелери дүйнө өлкөлөрү үчүн маанилүү күндөргө жана майрамдарга, маданий иш-чараларга жана тарыхтагы маанилүү адамдарга орун берүү менен көңүл бурууну максат кылат. Атайын жасалган логотипти басуу менен ошол күнгө, адамга жана темага тиешелүү кененирээк маалыматка жетүүгө болот.