Сауд Арабиядан Украинага 68 тонна жардам

Украина элине жардам ташыган 2 учактын, Эр-Рияддагы Король Халид эл аралык аэропортунан Польшага карай жөнөгөнү белгиленди.

1954604
Сауд Арабиядан Украинага 68 тонна жардам

Сауд Арабия Украинага эки жүк ташуучу учак менен 168 тонна жардам жөнөттү.

Сауд Арабиянын расмий агенттиги SPAдагы кабарда, "Украина элине жардам ташыган 2 учактын" Эр-Рияддагы Король Халид эл аралык аэропортунан Польшага карай жөнөгөнү белгиленди.

Учактардын Польшанын Украина чек арасына жакын жердеги Ржешов-Ясионка аэропортуна коноору, 168 тонна жардамдын медициналык жана баш калкалоочу материалдар менен генераторлордон турганы билдирилди.

Сауд Арабиянын Украинага 400 миллион долларлык жардам пакети үчүн өткөн аптада келишим жана түшүнүшүү меморандумуна кол коюлганы эске салынган кабарда, Сауд Арабиянын мындан мурда Польша жана берки коңшы өлкөлөргө баш калкалаган украиналыктарга 10 миллион долларлык медицина жана баш калкалоочу материалдарын бергенине көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар