АКШнын Азык - түлүк жана дары - дармек мекемеси
Азык - түлүк жана дары - дармек мекемеси Neuralinkтин зыянсыз жок кылынышы мүмкүнбү деген суроо боюнча тынчсызданууда.
АКШнын Азык - түлүк жана дары - дармек мекемеси (FDA) SpaceX космостук фирмасынын жогорку башкаруучусу Илон Масктын Neuralink компаниясы жасай турган мээ имплантынын клиникалык сыноолорун четке какты.Четке кагуунун негизи катары мээ кыртышында мүмкүн болуучу потенциалдуу зыянга учуроо тынчсыздануу көрсөтүлүүдө.
Азык - түлүк жана дары - дармек мекемеси колдонуучунун мээси менен байланышкан кичинекей жипчелердин орун алмаштырып, мээнин жана импланттын иштешин өзгөртүшү мүмүкн экендигин, сезгенүүнү пайда кылып, кан тамырларын жыртып жана башка морт ткандарды жабыркатышы мүмкүн деген кооптонууну негиз катары көрсөттү.
Азык - түлүк жана дары - дармек мекемеси Neuralinkтин зыянсыз жок кылынышы мүмкүнбү деген суроо боюнча тынчсызданууда.
Илон Маск мындан мурда Neuralinkке өз балдарына жайгаштыра ала турганчалык ишенгендигин, шал оорусу менен ооругандарды кыймылга келтире ала тургандыгын жана акырында адамдардын эскерүүлөрүн кайрадан ойгондура аларын айткан.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.