Твиттер «оозеки зомбулукка нөлдүк толеранс» саясатын баштады

Твиттер бул темадагы бөлүшүүсүндө, тиркемени колдонуу саясаттарына кээ бир өзгөртүүлөр киргизилгенин жарыялады.

1953253
Твиттер «оозеки зомбулукка нөлдүк толеранс» саясатын баштады

Социалдык медиа платформасы Твиттер колдонуучулардын коопсузураак тажрыйбасын камсыз кылуу үчүн «оозеки зомбулукка нөлдүк толеранс» саясатын баштаганын жарыялады.

Твиттер бул темадагы бөлүшүүсүндө, тиркемени колдонуу саясаттарына кээ бир өзгөртүүлөр киргизилгенин жарыялады.

Бөлүшүүдө Твиттер: «Бүгүн биз расмий түрдө коркутуу, каргыш, зомбулукту даңазалоо жана зордук-зомбулукка үндөгөн оозеки зомбулуктарга каршы саясатыбызды баштадык»,деген сөздөргө орун берди.

Твиттер, оозеки зомбулук болгон жерде дени сак диалогдун болушу мүмкүн эместигин баса белгилеген бөлүшүүсүндө: «Зордук-зомбулуктун нормалдашуусуна бөгөт коюу жана колдонуучуларыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн оозеки зомбулукка каршы нөлдүк сабырдуулук саясатын ишке ашырабыз»,-деп маалымдады.

Постто айтылган эрежелер бузулган учурда тиешелүү эсеп-кысаптар токтотулары белгиленген.

Башка жагынан алганда, Twitter эсепти кайра ачуу үчүн зордук-зомбулук мазмунун жок кылуу талап кылынарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар