Иранда студент кыздардын ууланганы тууралуу кабарлар келүүдө

Азад университетинин Буружерд кампусунда студент кыздар жашаган жатаканада химиялык газга ууланган студенттердин ооруканага жаткырылганы кабарланды.

1953422
Иранда студент кыздардын ууланганы тууралуу кабарлар келүүдө

Иранда студент кыздардын ууланганы тууралуу кабарлар келүүдө. 

Азад университетинин Буружерд кампусунда студент кыздар жашаган жатаканада химиялык газга ууланган студенттердин ооруканага жаткырылганы кабарланды.

Лористан провинциясынын губернаторлугу дарылоосу аяктаган студенттердин ооруканадан чыгарылганын билдирди.

Борбор шаар Тегеранда да студент кыздар уулануу  арызы менен ооруканага жаткырылды.

Эрбил шаарында да 4 лицейде ууланган 108 окуучу дарыланды. 

Ирандын президенти Ибрахим Реиси улаануу окуяларын изилдөө үчүн Ички иштер министрлигин милдеттендирди. 

Fars News агенттиги окуялардан жооптуу экендиги белгиленген үч адамдын кармалганын билдирди.

30 - ноябрдан бери Иранда 700гө жакын студент кыз химиялык газга ууланып, ооруканага жеткирилген.

Ушул убакка чейин бул окуядан каза болгондор болбосо да, айрым ата-энелер балдарынын айыгышы ир нече жумага созулганын айтышты.

Өлкөдө кыздардын мектепке баруусуна бөгөт коюу аракети жасалганы айтылууда. 

Айрымдары акыркы мезгилдерде өлкөдө болгон митингдерден улам кыздардын бутага алынгандыгын айтышууда.

 



Тектеш кабарлар