ЕБ санариптик айдоочулук күбөлүккө өтүүгө даярданып жатат

Жол коопсуздугу боюнча ЕБ комиссиясынын мүчөлөрүнүн жыйынынан кийин транспорт боюнча жооптуу комиссар Адина Валеан даярдалган сунуштарды жарыялады.

1953516
ЕБ санариптик айдоочулук күбөлүккө өтүүгө даярданып жатат

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясы Биримдиктин чектеринде автоунаа айдоочуларынын айдоочулук күбөлүктөрүн санариптештирүү боюнча сунуш даярдады.

Жол коопсуздугу боюнча ЕБ комиссиясынын мүчөлөрүнүн жыйынынан кийин транспорт боюнча жооптуу комиссар Адина Валеан даярдалган сунуштарды жарыялады.

Комиссиянын сунуштарынын арасында дүйнөдө биринчи жолу ишке ашырыла турганы айтылган «санариптик айдоочулук күбөлүккө» өтүү да бар.

Сунушка ылайык, Евробиримдиктин мүчөлөрүнүн арасында айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таанууну жеңилдетүү үчүн санариптик система киргизилет.

Санарип лицензиялар жеткиликтүү болгондон кийин, алар уюлдук телефондон же башка санариптик түзүлүштөн жеткиликтүү болот жана бүткүл ЕБ аймагында жарактуу болот.

Евробиримдиктин алкагында айдоочулук күбөлүктөрдү санариптештирүү боюнча минималдуу талаптар кийинчерээк аныкталат.

Күбөлүктөр айкалыштыруу процесси аныкталгандан кийин толугу менен санариптештирилет.

Каалоочулар картага санарипке кошумча айдоочунун күбөлүгүн басып чыгара алышат.

Санариптик айдоочулук күбөлүктөрдү жаңыртуу же өзгөртүү онлайн транзакцияларды жасоо менен бир топ тезирээк жана оңой болот.

Санариптик система ошондой эле ЕБге кирбеген өлкөлөрдөн келген адамдарга Биримдиктин чегинде айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууну жеңилдетет.

Алынган лицензиялар Евробиримдиктин ичинде кайсы өлкөлөрдө жарактуу болоору жана кошумча сынак же окуу талап кылынабы, кийинчерээк аныкталат.

Санариптик айдоочулук күбөлүккө өтүү үчүн 4 жылдык мөөнөт каралган.

ЕБ Комиссиясы сунуш кабыл алынгандан кийин 18 айдын ичинде санариптик айдоочулук күбөлүккө өтүү эрежелерин кабыл алууну көздөйт.

Евробиримдик комиссиясынын сунушу мыйзамга айланышы үчүн аны мүчө мамлекеттер менен Европарламент да кабыл алышы керек.



Тектеш кабарлар