Азия - Тынч океан "Алтын кобра" машыгуусу башталды

"Алтын кобра" машыгуусу Таиландда башталды.

1953405
Азия  - Тынч океан "Алтын кобра" машыгуусу башталды

Азия - Тынч океан аймагындагы эң ири көп улуттуу аскердик машыгуу болгон "Алтын кобра" Таиландда башталды.

Япониянын Киодо агенттигинин кабарында аймактык кызматташтыкты арттыруу максатында Таиланд жана Америка Кошмо Штаттары өткөргөн «Алтын кобра» машыгуусуна 30 өлкөдөн 10 миңге жакын кызматкердин катышканы белгиленди.

Машыгууга үй ээлеринен тышкары Япония, Түштүк Корея, Индонезия, Сингапур жана Малайзия толугу менен катышууда, ал эми Кытай, Индия жана Австралиянын машыгууга чектелген өлчөмдө катышары бидирилди.

АКШнын Банкоктогу элчиси Роберт Годек «Алтын кобра» машыгуусунун ачылуу аземинде сөз сүйлөп, машыгуунун жыл өткөн сайын кеңейтилгенин, анткени катышуучулар жалпы коопсуздук көйгөйлөрүнүн алдында кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүшкөнүн айтты.

Гуманитардык кагылышууларга, табигый кырсыктарга жана чукул абалдарга кийлигишүүнүн негизинде ошол эле милдеттердин бар экендигин белгилеген Годек бул милдеттердин жыл сайын аткарылышы өз убагында жана эффективдүү жооп кайтаруу үчүн абдан маанилүү экендигин айтты.

Быйылкы машыгууга биринчи жолу спутниктерге карата жасалган потенциалдуу кол салууларга кийлигишүүнү камтыган космостук машыгуунун да камтылганы белгиленди.

Космостук машыгуу менен «аба ырайы кубулуштарынын аскердик операциялар, коммуникация системалары жана спутниктерге тийгизген таасирин түшүнүүнүн» максатталганы белгиленди.

1982 -  жылдан бери өткөрүлүп келген «Алтын кобра» машыгуусу бул жылы 10 -  майга чейин созулат.



Тектеш кабарлар