Иран кенен масштабдуу машыгуу баштатты

Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн маалыматына караганда машыгуу армия жана Төңкөрүш Гвардиясы армиясынан абадан коргоо бөлүктөрүнүн катышуусу менен башталды.

1952633
Иран кенен масштабдуу машыгуу баштатты

Иран абадан коргонуу боюнча кеңири масштабдуу машыгуу баштады.

Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн маалыматына караганда «Камкордук асманын коргоочулары 1401» деп аталган машыгуу армия жана Төңкөрүш Гвардиясы армиясынан абадан коргоо бөлүктөрүнүн катышуусу менен башталды.

Машыгуу тууралуу маалымат берген генерал Кадир Рахимзаде : "Атайын максаттуу биргелешкен абадан коргонуу машыгуусунун операциялык этабы өлкөнүн түндүк - батышында, батышында жана борборундагы аба мейкиндигинде өткөрүлөт. "Машыгуунун акыркы этабы өлкөнүн аба мейкиндигинин үчтөн эки бөлүгүн түзгөн 1 миллион чарчы километрден ашык аянтта ишке ашат",- деди.

Рахимзаде машыгууда согуштук учактар, учкучсуз учуучу аппараттар, радарлар, электрондук согуш жабдыктары жана байланыш системаларынын колдонула турганын, өлкөнүн 100дөн ашуун атомдук, аскердик жана экономикалык борборлоруна каршы ыктымалдуу кол салууга каршы абадан коргонуу системаларынын сыналарын белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар