Орусия Германиянын эң ири көмүр берүүчүсү

Немис гезити Bild кабарына караганда Германиянын өткөн жылы жалпы көмүр импорту мурдагы жылга салыштырмалуу 8 пайызга өсүп 44,4 миллион тоннага жетти.

1952301
Орусия Германиянын эң ири көмүр берүүчүсү

Европанын санкцияларына карабастан, Орусия Германиянын эң ири көмүр берүүчүсү бойдон калды.

Немис гезити Bild кабарына караганда Германиянын өткөн жылы жалпы көмүр импорту мурдагы жылга салыштырмалуу 8 пайызга өсүп 44,4 миллион тоннага жетти.

Германиянын көмүр импорттоочулар ассоциациясынын маалыматына караганда, Орусиядан казылып алынган күйүүчү майларды импорттоого тыюу салган санкцияларга карабастан, өлкө өткөн жылы Германиянын эң ири көмүр берүүчүсү болгон.

Германиянын Түштүк Африкадан көмүр импорту өткөн жылы 279 пайыз өсүп 3,9 миллион тоннага, Колумбиядан 210 пайыздык өсүү менен 7,2 миллион тоннага, АКШдан 32 пайыздык өсүү менен 9,4 миллион тоннага жана Австралиядан 15 пайызга көбөйүү менен 6,3 миллион тонна жетти.

Өлкөнүн Орусиядан көмүр импорту өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу 37 пайызга азайып, 13 миллион тоннаны түздү.

Орусия Украина менен болгон согушка жана былтыр 24-февралдан берки санкцияларга карабастан Германиянын жалпы көмүр импортунун 29 пайызын камсыздап, өлкөнүн эң ири көмүр камсыздоочусу болууну улантты.



Тектеш кабарлар