Камбоджада бир бала куш тумоосунан каза болду

Камбоджанын Саламаттыкты сактоо министри Мам Бунхенг, куш тумоосу үй канаттууларынан жумуртка чогулткан балдар үчүн чоң коркунуч жаратат деп билдирди.

1950678
Камбоджада бир бала куш тумоосунан каза болду

Камбоджада H5N1 деп аталган куш тумоосунан 11 жаштагы кыз дарыланып жаткан ооруканада каза болду.

Камбоджанын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Прей Венг шаарындагы айылда жашаган кыздын 16-февралда борбор калаа Пномпендеги ооруканага жөтөл, тамак оору жана дене табы 39 градуска чейин көтөрүлгөндүгү менен жеткирилгенин жана бардык аракеттерге карабастан каза болгонун билдирди.

Мунун Камбоджада 2014-жылдан бери биринчи жолу катталган куш тумоосу учуру экени белгиленди.

Министрлик ошондой эле каза тапкан кыз жашаган аймактагы жапайы канаттуулардан үлгүлөрдүн алынганын, өлгөн же оорулуу канаттуулардан алыс туруу эскертүүсү берилгенин кабарлады.

Камбоджанын Саламаттыкты сактоо министри Мам Бунхенг, куш тумоосу үй канаттууларынан жумуртка чогулткан балдар үчүн чоң коркунуч жаратат деп билдирди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, 2003-2014-жылдар аралыгында Камбоджада куш тумоосунун 56 учуру катталып, анын 37си каза болгон.



Тектеш кабарлар