Египет Россиядан буудай сатып алды

Египет тамак  - аш коопсуздугун түзүү үчүн Россиядан 240 миң тонна буудай сатып алды.

1950621
Египет Россиядан буудай сатып алды

Египет тамак  - аш коопсуздугун түзүү үчүн Россиядан 240 миң тонна буудай сатып алды.

Египеттин сатып алуучу товарлар боюнча жалпы кеңешинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 240 миң  тонналык буудайдын рамазан айына туш болгон 1 – 15 – апрелде өткөрүлүшүнүн пландалып жаткандыгы билдирилди.

Кеңеш Дүйнө банкынын каржылоосу менен ишке ашырылышы үчүн тоннасына 317,5 доллардан макулдашылгандыгын белгиледи.

Төлөмдүн буудай Египет портторуна жетип, текшерүүдөн өткөндөн кийин төлөнөрү билдирилди.

Жылдык буудай муктаждыгынын 80 пайызын импорттоп алган Египет, жалпы дүйнөдө эң көп буудай импорттогон өлкө.

Айыл - чарба министрлигинин маалыматына караганда өткөн жылы 13,3 миллион тонна буудай импорттогон Египеттин эң чоң камсыздоочусу 8,96 миллион тонна менен Россия болду.

Буудайдын баасынын жана доллардын курсунун көтөрүлүшү өлкөнүн 2022 – 2023 - жылдагы бюджетине 3 миллиард доллар кошумча бюджеттин бөлүнүшүнө алып келди.

Россия - Украина согушунан улам келип чыккан камсыздоо көйгөйлөрүнөн кийин 2022 - жылдын 3 - мартында Египетте буудайдын баасы тоннасына болжол менен 53 долларга  кымбаттаган.



Тектеш кабарлар