Кулеба:«Украина Орусиянын президенти Владимир Путиндин жеке адатына айланды»

Кулеба Германиядагы 59-Мюнхен коопсуздук конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Орусияда бир өзгөрүү болгондо гана Украинага тынчтык келерин жана бул жолдун узун болорун белгиледи.

1948249
Кулеба:«Украина Орусиянын президенти Владимир Путиндин жеке адатына айланды»

Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Украинаны Орусиянын президенти Владимир Путиндин «жеке адаты» катары мүнөздөдү.

Кулеба Германиядагы 59-Мюнхен коопсуздук конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Орусияда бир өзгөрүү болгондо гана Украинага тынчтык келерин жана бул жолдун узун болорун белгиледи.

Украинанын өзүн коргоону улантып жатканын билдирген Кулеба:«Украина Орусиянын президенти Владимир Путиндин жеке адатына айланды»,-деди.

Кулеба Путин президенттиктен кетсе, бул алар үчүн мүмкүнчүлүк мезгили болушу мүмкүн экенине көңүл буруп:«Путин бийликте турганда, бизде көйгөйлөр болот. Азырынча биз согуштагы күрөшкө көңүл буруубуз керек»,-деп айтты.

Орусияга каршы танк, ок-дары жана согуш учактарына муктаждык бар экенине көңүл бурган Кулеба, учурда эң жакшы коопсуздук кепилдигинин акча, курал жана Орусияга каршы санкциялардын улануусу болорун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар