59-Мюнхен коопсуздук конференциясында уюштурулган панелге Алиев, Пашинян жана Гарибашвили катышты

Германияда өткөрүлгөн 59-Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында уюштурулган панелге Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили баяндамачы катары катышты.

1948274
59-Мюнхен коопсуздук конференциясында уюштурулган панелге Алиев, Пашинян жана Гарибашвили катышты

Германияда өткөрүлгөн 59-Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында уюштурулган панелге Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили баяндамачы катары катышты.

Алиев «Тоолорду кулатуу! Түштүк Кавказда коопсуздукту куруу» аттуу панелде төмөнкүлөрдү белгиледи: «Албетте, биз Евразияда тынчтык болушун каалайбыз. Азербайжан жана Армения катары биз учурда тынчтык келишиминин үстүндө иштеп жатабыз. Буга мүмкүн болушунча тезирээк жетебиз деп ишенем. Бул олуттуу тарыхый пикир келишпестиктери бар өлкөлөрдүн ынтымакка келүүсүнө жана душмандыктын бетин жабууга жакшы мисал боло алат деп ойлойм».

Алиев Армения менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Пашинян менен болгон үч тараптуу жолугушууга токтолуп, «Азербайжан менен Армениянын аймактагы тынчтык сүйлөшүүлөрү» жана «Азербайжандын Карабахта армян калкы менен жолугушуусу» сыяктуу эки багыттуу мамиле жасоо боюнча жалпы түшүнүшүү бар деп билдирди.

Буга даяр экендиктерин баса белгилеген Алиев муну аймакта жашаган армян коомчулугунун өкүлдөрү менен жасай ала тургандарын, бирок Орусиядан келгендер менен эмес экенин айтты.

Грузиянын премьер-министри Гарибашвили мындай панелди уюштурууга салым кошкондорго ыраазычылык билдирип, Орусия-Украина согушунун бардыгына кыйынчылык алып келгенин белгиледи.

Гарибашвили 2008-жылы да Орусияга каршы согушканын жана Орусия Грузиянын аймактары болгон Абхазия менен Түштүк Осетияны басып алганын белгиледи.

Орусия учурда Украинага басым жасап жатканын айткан Гарибашвили: «Бул кыйратуучу согуш. Биз бул согушту токтотуу үчүн колдон келгендин баарын кылышыбыз керек. Бизде тынчтыктан башка альтернатива жок»,-деди.

Пашинян да панелде сүйлөгөн сөзүндө: «Глобалдык туруксуздук биздин чөлкөмдү жакшырта албайт. Бүт эл аралык көңүл көптөн бери Украинага бурулуп келген жана бул биздин аймак үчүн жаңы тобокелдиктерди жаратууда. Ошондой эле биздин аймакка эл аралык көңүл буруу абдан маанилүү, анткени биздин аймакта башкарылышы керек болгон көптөгөн тобокелдиктер бар»,-деп айтты.

Демократиялык реформа күн тартибине берилгендигине көңүл бурган Пашинян, демократиялык реформалар, мыйзамдын үстөмдүгү, адам укуктары жана көз карандысыз сот сыяктуу демократиялык мекемелердин өнүгүшүнүн өз аймагындагы жалпы абалды жакшыртаарына ишенгендерин айтты.



Тектеш кабарлар