Жо Байдендин ден соолугуна байланыштуу отчет

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин ден соолугу тууралуу "президенттик милдеттерин аткарууга ылайыктуу" деп айтылды.

1947797
Жо Байдендин ден соолугуна байланыштуу отчет

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин ден соолугу тууралуу "президенттик милдеттерин аткарууга ылайыктуу" деп айтылды.

Ак үй 80 жашта болгонуна байланыштуу АКШ коомчулугунда  президенттик милдетин толгу менен аткарып же аткара албай тургандыгы тууралуу бат  - бат күн тартибине келген Байдендин ден соолугу тууралуу доктор О'Коннор отчетун коомчулук менен бөлүштү.

О'Коннор текшерүүлөрдөн кийин «ден соолугу бекем, 80 жаштагы бир эркек болгон» Байдендин ден соолугунун президенттик, башкы командирлик, мамлекет башчысы сыяктуу милдеттерин орундатууга ылайык экендигин белгиледи.

Отчетто Байдендин көкүрөгүндөгү жарага биопсия жасалгандыгы, бирок жыйынтык чыга электиги маалымдалды.

Президенттин башка текшерүүлөрүнүн нормалдуу экендиги билдирилген отчетто «кенен түрдө неврологиялык текшерүүнүн жүргүзүлгөндүгү» да айтылды жана паркинсон сыяктуу неврологиялык оорунун белгисинин жок экендиги билдирилди.

Президенттин тынымсыз тамагын тазалашына ашказандагы рефлюкс себеп болгону белгиленди.

АКШ тарыхында эң картаң президент болгон Байден 2024 – жылы президенттик шайлоо үчүн «талапкер болуу ниетинде» экендигин айткан бирок азырынча талапкерлигин расмий түрдө билдире элек болчу.

Ден соолугуна байланыштуу отчету  коомчулук менен бөлүшүлгөндөн кийин Байдендин жакынкы учурда талапкерлигин жарыялоосу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар