Жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн виза жеңилдиги...

Швейцария, Нидерландия жана Бельгия өз өлкөлөрүндө жашаган түрк жарандарынын Кахраманмараштагы жер титирөөдөн жабыркаган туугандарын жана жакындарын убактылуу кабыл алуусу үчүн виза тапшырууларын жеңилдетүүнү чечти.

1945614
Жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн виза жеңилдиги...

 

Швейцария, Нидерландия жана Бельгия өз өлкөлөрүндө жашаган түрк жарандарынын Кахраманмараштагы жер титирөөдөн жабыркаган туугандарын жана жакындарын убактылуу кабыл алуусу үчүн виза тапшырууларын жеңилдетүүнү чечти.

Швейцариянын Миграция боюнча мамлекеттик катчылыгы (SEM) кээ бир учурларды эске албаганда, өлкөгө кирүү үчүн жарактуу виза дагы эле талап кылынарын белгилеп, жер титирөөдө үйлөрү кыйраган жарандар тездетилген жардамдан пайдалануу үчүн «тез медициналык жардамга» кайрылуусу керектигин белгиледи.  Билдирүүдө тиешелүү адамдардын Швейцариянын Стамбулдагы башкы консулдугунан «тез өтүү» формасын ала ала тургандыгы белгиленип, виза берүү процесстеринин Шенген мыйзамдарына ылайык улана турганы белгиленди.

Нидерландиядагы өкмөттүн интернет сайтында жарыяланган билдирүүдө Түркиядан Нидерландиядагы туугандарына барууну каалагандарга «артыкчылыктуу виза жолугушууларынын» берилери белгиленди.

Бельгиянын иммиграция жана башпаанек министри Николь де Мур өзүнүн Твиттер баракчасында билдирүү жасап: «Көптөгөн бельгиялыктардын Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөрү бар жана алар туугандарын үйүндө коноктогусу келет. Аймактан келген виза арыздарынын тезирээк каралышы үчүн буйрук берилди»,-деп берди.

Англияда да туугандары бар түрк жер титирөөдөн жабыркагандарга атайын виза берүү үчүн өлкөдө петиция кампаниясы башталды.

Британ парламентине сунуштоо үчүн башталган петицияда өлкөдө көп сандаган түрктүн жер титирөө болгон аймакта жакындары бар экени билдирилип, өкмөттүн бул адамдардын жакындары менен жолугушуусун камсыз кылуусу керектиги белгиленди.

Кампания аркылуу 100 миң кол топтолсо, өтүнүч парламентте талкууланат.

Өткөн жумада Кахраманмарашта болгон жана 10 провинцияга таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр Түркия жана Сирияда да миңдеген адамдын өмүрүн алып, «кылымдын апааты» деп сыпатталууда.



Тектеш кабарлар