Эмине Эрдогандын «Бир жүрөк болуп жараларды айыктырабыз» деген бөлүшүүсү

Биринчи айым Эмине Эрдоган социалдык медиа эсебинен Диярбакыр жана Шанлыурфада жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга президент Эрдоган менен болгон сапарларынын сүрөттөрүн бөлүштү.

1945374
Эмине Эрдогандын «Бир жүрөк болуп жараларды айыктырабыз» деген бөлүшүүсү
emine erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы, биринчи айым Эмине Эрдоган жер титирөөнүн жаралары бир жүрөктөй айыгаарын баса белгилеп: «Үмүткө сунулган колдорду чогуу кармайбыз. Мен жардам көрсөтүүгө салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдиргим келет»,-деп айтты.

Биринчи айым Эмине Эрдоган социалдык медиа эсебинен Диярбакыр жана Шанлыурфада жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга президент Эрдоган менен болгон сапарларынын сүрөттөрүн бөлүштү.

Жер титирөөдөн жабыркагандардын азабын тең бөлүшүшкөндөрүн белгилеген биринчи айым: «Бир жүрөк болуп жараларды айыктырарыбызга ишенем. Үмүткө сунулган колдорду чогуу кармайбыз. Жардам көрсөтүү аракеттерине салым кошкон бардык адамдарга ыраазычылык билдиргим келет»,-деп өз баасын берди.

Кахраманмарашта 6-февралда болгон жана 10 облуска таасирин тийгизген  7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөдө урандылардын астында калгандарды издөө-куткаруу иштери уланууда.



Тектеш кабарлар