Улуу Британия менен Украинанын ортосунда «Лондон декларациясына» кол коюлду

Декларацияга Англиянын борбору Лондонго барган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Британиянын премьер-министри Риши Сунак кол коюшту.

1944335
Улуу Британия менен Украинанын ортосунда «Лондон декларациясына» кол коюлду

Улуу Британия менен Украинанын ортосунда эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөнү максат кылган «Лондон декларациясына» кол коюлду.

Декларацияга Англиянын борбору Лондонго барган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Британиянын премьер-министри Риши Сунак кол коюшту.

Декларацияда Орусиянын 2014 жана 2022-жылдардагы Украинага кол салуулары үчүн: «Алар Европанын коопсуздугуна жана адамдардын өз тагдырын өзү аныктоо укугуна кол салууда»,-деп жазылган.

Орусияга каршы Британия менен Украинанын тилектеш экени баса белгиленген декларацияда Улуу Британиянын Украинанын көз карандысыздыгын, жеринин бүтүндүгүн жана чек араларын кыйшаюусуз колдоону уланта турганы белгиленди.

Декларацияда Украинанын НАТОго мүчөлүгүнө умтулуусу менен катар өз коопсуздугу боюнча изденүүлөрү колдоого алынаары баса белгиленип, төмөнкүлөргө орун берилди: «Украинанын Куралдуу күчтөрү өзүнүн аймагын гана эмес, биздин жалпы баалуулуктарыбызды жана эл аралык укуктун негизги принциптерин түзгөн БУУнун Уставын да коргойт. Биздин өлкөлөр Орусиянын «таасир тийгизүү» дооматын жана анын чек араларды күч менен өзгөртүү боюнча кадамдарын четке кагышат. Биз эгемендүүлүк жана өз тагдырын өзү аныктоо баалуулуктарын коргойбуз. Орусия жасаган мыкаачылыктын кайталанбашы үчүн чечкиндүүлүктү тең бөлүшөбүз».

Декларацияда Украинага аскердик колдоонун улана турганы жана Британиянын Орусияга каршы санкцияларынын улана турганы белгиленди.

«Украинанын суверенитети болмоюнча европалык коопсуздукка жетишүү мүмкүн эмес»,-деп айтылып, Зеленский сунуш кылган тынчтык планын Британия да кубаттаганы белгиленди.

Декларацияда 21-22-июнда Лондондо Украинанын кайра жаралуу маселесин талкуулоо үчүн конференция өтөөрү белгиленген.



Тектеш кабарлар