Oxfam жана Red Crossтон жардам кампаниясы
Эл аралык кайрымдуулук уюму Oxfam жана Red Cross Британия Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн кийин аймакка чукул жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук кампаниясын баштады.
Эл аралык кайрымдуулук уюму Oxfam жана Red Cross Британия Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн кийин аймакка чукул жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук кампаниясын баштады.
Oxfam кайрымдуулук уюмунун интернет сайтындагы кайрымдуулук кампаниясы тууралуу маалыматка караганда Oxfam топтору Түркия жана Сирияда 6 - февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн кийин эң ылайыктуу жана ылдам гуманитардык жардам берүүнү максат кылууда.
Ушунун негизинде уюм эл аралык кайрымдуулук кампаниясын баштады. Oxfamдын социалдык медиа аккаунттарында да кампанияга кантип кайрымдуулук кылуу керектиги тууралуу маалымат бөлүшүлгөн.
Red Cross Британиянын кайрымдуулук кампаниясына уюмдун сайты аркылуу кошулууга болот.
Кахраманмараштын Пазаржык районунда кечээ Түркия убактысы боюнча саат 04:17де күчү 7,7 балл, Элбистан районунда Түркия убактысы боюнча саат 13 : 24тө 7,6 балддык жер титирөө болуп, Газиантепте да 6,4 жана 6,5 баллдык эки жер титирөө болду.
Кулаган имараттардын астында калган жарандарды куткаруу иштери экинчи күнү да уланууда.