Малайзиянын Өкүлдөр палатасынын төрагасы: "Эрдоган мусулмандардын чемпиону"

Мустафа Шентоп Алжирде өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Биримдигинин (ISIPAB) 17-конференциясынын алкагында Малайзиянын Өкүлдөр палатасынын спикери Бин Абдул менен жолугушту.

1939907
Малайзиянын Өкүлдөр палатасынын төрагасы: "Эрдоган мусулмандардын чемпиону"

Малайзиянын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Дато Жохари бин Абдул, президент Режеп Таййип Эрдогандын мусулмандардын «чемпиону» экенин айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Алжирде өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Биримдигинин (ISIPAB) 17-конференциясынын алкагында Малайзиянын Өкүлдөр палатасынын спикери Бин Абдул менен жолугушту.

Шентоп өз ара жакшы карым-катнаштарга канааттануусун билдирген жолугушууда, эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы байланышты жана кызматташтыкты мындан ары да арттырууга болоорун белгиледи.

Малайзия менен Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөн эки тараптуу карым- катнаштардын алкагында соода көлөмүн тең салмактуу түрдө көбөйтүү максатын айткан Шентоп, Түркия башынан өткөргөн 15-июль ФЕТӨ төңкөрүш аракетин эске салып, бул уюмдун иш алып барган өлкөлөр жагынан да улуттук коопсуздукка коркунуч туудурганын баса белгиледи.

Шентоп ФЕТӨнүн жаңы муун террордук уюм катары өлкөлөрдү туруксуздаштыруу аркылуу иш-аракеттерин жайылтканын, билим берүү мекемелери, бейөкмөт уюмдар сыяктуу структуралар менен өзүн жашыра алганын айтты.

Малайзиянын ФЕТӨ менен күрөшүүдөгү кызматташтыгынан ыраазы экенин билдирген Шентоп, Малайзияда дагы деле активдүү болгон ФЕТӨгө байланышы бар мектептер тууралуу да чечимди күткөнүн кабарлады.

Малайзиянын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Бин Абдул болсо, ФЕТӨнүн түзүмүн түшүнгөндөрүн жана Түркияны колдогондорун билдирип: «(Президент Режеп Таййип) Эрдоган биз да жогору баалаган адам жана аны мусулмандардын чемпиону деп айта алабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар