Финляндияда Куранды өрттөөгө уруксат берилбейт

Финляндиянын Улуттук полиция башкармалыгы ыйык китептердин өрттөлүшүн «жазаландыруучу кылмыш» катары карайт.

1940085
Финляндияда Куранды өрттөөгө уруксат берилбейт

Финляндия полициясы, коомдук жайларда Куран сыяктуу ыйык китептерди өрттөөгө уруксат бербей турганын билдирди.

Финляндия басма сөзүнүн өлкөдө иш алып барган STT маалымат агенттигине таянган кабарына караганда, Финляндиянын Улуттук полиция башкармалыгы ыйык китептердин өрттөлүшүн «жазаландыруучу кылмыш» катары карайт.

Буга караганда, ыйык китептерди кемсинтүүгө да ушундай мамиле кылынат.

Билдирүүдө көз караштары камтылган Финляндиянын полиция кызматкери Веса Пихадоки: «Эгерде Курани Каримди өрттөө пландалган болсо полиция демонстрацияны уюштурган кишиге уруксат берилбей турганын алдын ала билдирмек. Мындан тышкары, эгер акция демонстрация маалында же милициянын көңүлүн бурган башка жагдайда болсо полиция кийлигишет»,-деди.  

Кабарда Финляндиянын мыйзамдарынын башка Скандинавия өлкөлөрүнөн айырмаланып «диний тынчтыкты» коргой турганы жана аны бузгандардын жазага тартылышы мүмкүн экендиги айтылды.

Швециянын борбору Стокгольмдо 21-январда Даниянын ашынган оңчул Катуу багыт партиясынын лидери Расмус Палудан Түркиянын Швециядагы Стокгольм элчилигинин алдында Куранды өрттөп, көптөгөн полициянын коргоосу астында болгон кыймыл учурунда Палуданга эч кимдин жакындашына уруксат берилген эмес.

Палудан 27-январда да Даниядагы мечиттин маңдайында жана Түркиянын Копенгаген элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн.



Тектеш кабарлар