Philips 6000 кишини жумуштан бошотот

Philipsтин 2022-жылдагы сатууларына байланыштуу билдирүүсүндө, сатуунун азайганы жана компаниянын 1,6 миллиард зыян тартканы белгиленди.

1939499
Philips 6000 кишини жумуштан бошотот

Нидерландияда жайгашкан электроника компаниясы Philips, компаниянын зыян тартышынан улам чыгымдарды азайтуу үчүн дүйнө жүзү боюнча 6000 кишини жумуштан бошоторун жарыялады.

Philipsтин 2022-жылдагы сатууларына байланыштуу билдирүүсүндө, сатуунун азайганы жана компаниянын 1,6 миллиард зыян тартканы белгиленди.

Билдирүүдө компаниянын 2023-жылы дүйнө жүзү боюнча 6 миң кишини жумуштан кетирээри кабарланды.

Алардын 1100үнүн Нидерландиянын борбору Амстердам менен Эйндховенде экени айтылды.

Дүйнө жүзү боюнча 80 миңдей кызматкери бар компания өткөн жылдын октябрь айында да чыгымдарды азайтуу максатында 4 миң кишини жумуштан кетирген болчу.



Тектеш кабарлар