Зеленский Бахмут жана Вугледардагы абал тууралуу билдирди

Зеленский Эл аралык Олимпиада комитетинин (МОК) төрагасы Томас Бахты ​​Россияга спорт тармагында чектөөлөрдү киргизүүгө чакырды.

1938955
Зеленский Бахмут жана Вугледардагы абал тууралуу билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясы менен эң оор кагылышуулардын Донецк облусуна караштуу Бахмут жана Вугледар шаарларында уланып жаткандыгын айтты. 

Зеленский күнүмдүк видео билдирүүсүндө Украинада уланып жаткан согушка байланыштуу  маалыматтарды бөлүштү.

Россия - Украина ортосундагы согушунун эң кызуу кагылышууларынын  Донецк аймагында уланып жатканын белгилеген Зеленский : "Фронтто өзгөчө Донецк аймагындагы Бахмут менен Вугледардагы абал өтө оор",- деди.

Зеленский орус армиясын Украинадагы жарандык инфраструктураларды "жок кылуу" менен айыптап : "Баскынчылар биздин позицияларыбызга чабуул коюу менен гана чектелбестен, алардын айланасындагы бул шаарларды жана кыштактарды атайылап талкалап жатышат», - деди.

Зеленский Эл аралык Олимпиада комитетинин (МОК) төрагасы Томас Бахты ​​Россияга спорт тармагында чектөөлөрдү киргизүүгө чакырды.

Орус спортчуларынын Олимпиада оюндарына катышуусуна тыюу салган чечимдин чыга электигин эске салган Зеленский Бахтын согуш учурунда тарапсыз калбашы керектигин айтты.

 

 



Тектеш кабарлар