Кытайда ички туристтердин саны 308 миллионго жетти

Туристтердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 23,1 пайызга өстү.

1938907
Кытайда ички туристтердин саны 308 миллионго жетти

Кытайда ай календары боюнча жаңы жыл белгиленип жаткан 7 күндүк Жаз майрамы эс алуусунда жергиликтүү туристтердин саны 308 миллионго жеткени билдирилди.

Маданият жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, 21-27-январь күндөрүн камтыган эс алуу мезгилинде ички туризмден түшкөн киреше өткөн жылга салыштырмалуу 30 пайызга өсүп, 375 миллиард 843 миллион юанга (55,4 миллиард доллар) жетти.

308 миллион киши эс алуу үчүн туристтик жерлерди зыярат кылса, туристтердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 23,1 пайызга өстү.

Кытайда жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) чаралары жумшартылгандан кийин биринчи жаз майрамы эс алуусунда ички туризмдин калыбына келе баштаганы байкалды.

Транспорт министрлиги быйылкы жылдын 7-январынан 15-февралына чейинки 40 күндүк Жаз майрамында өлкө ичинде 2,1 миллиард саякат күтүлүп жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар