Швецияга нааразылыктар уланууда...

Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Куранга жасалган бул жийиркеничтүү кемсинтүүнү дүйнө жүзүнрдөгү мусулмандар айыптап жатышат.

1936428
Швецияга нааразылыктар уланууда...

 

Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын басма сөз катчысы Йоханнес Бахрке Швецияда Курани Каримдин өрттөлүшүнө байланыштуу Швеция бийлигинин кадам таштоосу керектигин айтты.

Бахрке Евробиримдик комиссиясынын басма сөз катчысынын маалымат жыйынында Швециядагы окуяга байланыштуу суроого жооп берди.

Мындай иш-аракеттердин ЕБ негизделген баалуулуктарга туура келбей турганын белгилеген Бахрке: «Биз буга чейин көп жолу айтканбыз, расизм, ксенофобия, расалык жана диний жек көрүүчүлүккө ЕБде орун жок. Бул Швециянын бийликтери кам көрүп, чара көрүшү керек болгон маселе», деген сөздү колдонгон.

Германия Даниянын ашынган улутчул Катуу багыт партиясынын лидери Расмус Палудандын Швециядагы Стокгольм элчилигинин алдында Куранды өрттөшүн айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Кристиан Вагнер Берлинде өткөн басма сөз жыйынында Анадолу агенттигинин кабарчысынын суроосуна: «Биз сиз айтып жаткан дем алыш күндөрү болгон акцияны айыптайбыз. Бул сыйлабастык жана өтө орунсуз болгон»,-деди.

Вагнер мындай провокациялар бөлүнүп-жарылууга көмөктөшөрүн жана аларга көбүрөөк тилектештик жана биримдик менен жооп берүү керектигин белгиледи.

Түркия менен Швециянын Европа Кеңешине мүчө экенине көңүл бурган Вагнер, Европанын бардык диндердин тынчтыкта ​​жанаша жашоону жактаганын белгиледи.

Азербайжан Швецияда Курани Каримге кол салууну айыптады.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин Твиттер эсебинен бөлүшүлгөн билдирүүсүндө Куранга кол салуу жек көрүү кылмышы экени жана сөз эркиндиги менен байланыштырылбай турганы белгиленди.

Бөлүшүүдө, «Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Куранга жасалган бул жийиркеничтүү кемсинтүүнү катуу айыптайбыз. Швеция өкмөтүн бул жек көрүүчүлүк кылмышын жасагандарды мүмкүн болушунча тезирээк жоопко тартууга чакырабыз»,деген билдирүүлөр камтылган.

Ошол эле учурда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Түркиянын Швециядагы элчилигинин алдында Курани Каримдин өрттөлүшүн айыптап: «Мындай эскирген мамиле бүт дүйнөгө коркунуч туудурат, алар дүйнөдөгү тынчтыкка динамит коюп жатышат»,-деп айтты.

Сенегалдын президенти Макки Салл өзүнүн Твиттер баракчасында: «Ашыкча оңчул Расмус Палудандын Куранды өрттөгөн жийиркеничтүү аракетин катуу айыптайм»,-деп билдирди.

Салл, «жииркеничтүү» деп мүнөздөгөн исламофобия жана мусулмандарга каршы мамиле менен эч тайсалдабастан күрөшүү керектигин айтты.

Президент Салл өзүнүн билдирүүлөрүн француз жана англис тилдеринде бөлүшкөнү да көңүл бурду.

Сириянын түндүгүндөгү Биза, Чобанбей жана Маре шаарларында миңдеген адамдар ислам баалуулуктарына болгон урматсыздыкка каршы демонстрацияларга кошулду.

Даниядагы ашкере улутчул Страм Курстын (Катуу багыт партиясы) лидери Расмус Палудандын Ыйык Куранды өрттөөсүнө Швеция бийлигинин уруксат бергенине нааразы болгондор Швециянын желегин өрттөштү.

Митингге чыккандар «Куранга сунулган колдорду сындыргыла», «Куран – бизди туура жолго салат»,  «Куран – биздин жолубуз» жана «Зулумга карата унчукпай калуу шайтандык болот» деген жазууларды көтөрүп жүрүштү.

Иракта Садр кыймылынын лидери Муктада эс-Садр Швецияда Курани Каримдин өрттөлүшүн айыптоо үчүн 1 миллион кол топтолуп, Швеция элчилигине жөнөтүлүүгө чакырды.

Батыш Фракиядагы түрк азчылык мекеме жана уюмдары да Швецияда Куранга кол салууну айыпташты.

Достук Теңдик Тынчтык партиясы социалдык медиа эсебинен жарыялаган билдирүүдө Куранга каршы жасалган жаман мамиле жана кыймыл катуу айыпталганы белгиленди.

Искеченин тандалган муфтийинин билдирүүсүндө Швеция бийлигинин Куранга кол салууну ой эркиндиги катары кароосу кабыл алынгыс экени баса белгиленди.

Билдирүүдө «Батыш Фракиядагы Искеченин мусулман түрктөрү катары ыйык китебибиз Куранга жана динибиз Исламга каршы жасалган бул жийиркеничтүү мамилени жана кыймылды катуу айыптайбыз жана наалат айтабыз»,деген сөздөр орун алган.

Искече Түрк биримдиги тарабынан жарыяланган билдирүүдө бул кыймылдын жек көрүүчүлүк кылмышы жана исламофобиялык кол салууга үлгү болгону белгиленип, ушул сыяктуу окуялардын алдын алуу үчүн керектүү чараларды көрүү керектиги белгиленди.

Билдирүүдө, «Бул окуяны катуу айыптайбыз. Исламдын ыйык китебине жасалган кол салуу жана бул кыймылга уруксат берилиши Европада акыркы жылдарда күчөгөн исламофобияны дагы да күчөтөт деп тынчсызданабыз»,- деп айтылган.

АКШдагы болжол менен 155 түрк бирикмесинин чатыр уюму катары иштеген Түрк Америка Улуттук Башкаруу комитети (TASC), Швецияда Курани Каримдин өрттөлүшүн айыптады.

Даниянын ашынган улутчул Катуу багыт партиясынын лидери Расмус Палудан ишемби күнү Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Куранды өрттөп, эл чогулган полициянын коргоосу астында өткөн нааразылык акциясында Палуданга эч кимдин жакындашына уруксат берилген жок.



Тектеш кабарлар