Канада өкмөтү жергиликтүү тургундарга компенсация төлөйт

Европадан Канадага иммиграция жергиликтүү тургундар үчүн геноцид жана ассимиляция окуясына айланган.

1936544
Канада өкмөтү жергиликтүү тургундарга компенсация төлөйт

 

Канада өзүнүн караңгы тарыхы менен жүздөшүүдө.

Маданий геноцид үчүн кечирим сураган жана 20 миллиард доллар компенсация төлөөгө макул болгон Канада бул жолу жергиликтүү калктын маданий жоготуулары үчүн 2 миллиард доллар төлөйт.

Европадан Канадага иммиграция жергиликтүү тургундар үчүн геноцид жана ассимиляция окуясына айланган.

Жергиликтүү тургундар өз маданиятын унутуп, христиан болуп кетиши үчүн өлкөдө чиркөө мектептери ачылган. 150 миңден ашуун бала үй-бүлөсүнөн бөлүнүп, мектеп интернатта калууга аргасыз болушкан.

Расмий маалыматтарга караганда, 157 жылдык куугунтукта кеминде 6 миң бала каза болгон. Ал эми мектеп короолорунда табылган массалык мүрзөлөр жана катталбаган балдардын пайда болушу чыныгы сандын мындан көп экенинен кабар берет.

Бул адамдык шермендечилик үчүн 2008-жылы расмий түрдө кечирим сурагандан кийин Канада өкмөтүнө каршы сот иши козголгон.

Өкмөт чиркөө мектептеринде каза болгон балдар үчүн 20 миллиард доллар төлөп берүүгө макул болду.

2012-жылы Канаданын өкмөтүнө каршы маданий геноцид деген айып менен дагы бир сот иши козголгон.

Бул жолу өкмөт 2 миллиард доллар компенсация төлөөнү кабыл алды. Компенсация төлөнүшү үчүн чечимди сот да бекитиши керек.

Канададагы чиркөө мектептеринин караңгы тарыхы 2021-жылы ушул мектептердин биринин бакчасынан аты-жөнү жазылбаган 751 баланын массалык мүрзөлөрү табылганда ачылган.

Андан соң бардык мектептердин бакчаларында детекторлор менен издөө иштери башталды.

Өткөн аптада да бул мектептердин биринин бакчасынан массалык мүрзө табылган. Мүрзөгө 171 баланын сөөгү коюлганы болжолдонууда.



Тектеш кабарлар