Памир тоолорундагы кыргыздар жашаган аймакта шектүү эпидемия жайылып 21 киши каза болду

Бадахшандын жергиликтүү бийликтери Вахан районунун Памир аймагында «шектүү» эпидемия жайылып кеткенин, медициналык топтор аны азырынча аныктай электигин жарыялады.

1936165
Памир тоолорундагы кыргыздар жашаган аймакта шектүү эпидемия жайылып 21 киши каза болду

 Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясында «шектүү» эпидемиядан 21 адам каза болду.

Бадахшандын жергиликтүү бийликтери Вахан районунун Памир аймагында «шектүү» эпидемия жайылып кеткенин, медициналык топтор аны азырынча аныктай электигин жарыялады.

Акыркы эки жумада эпидемияга кабылган 21 кишинин каза болгонун белгилеген бийлик, ооруну аныктоо боюнча изилдөөлөрдүн уланып жатканын билдирди.

Бир тараптан Талибан өкмөтүнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык топтордун Тажикстан аркылуу аймакка жеткенин белгиледи.

Бадахшандын Кытай, Пакистан жана Тажикстан менен чектешкен Памир аймагында Ооганстандын атуулдугун алган кыргыздар жашайт.



Тектеш кабарлар