Катар менен АКШ Ооганстан, Украина кризистерин талкуулашты

Бул тууралуу Катардын Тышкы иштер министрлигинен билдирилди.

1936191
Катар менен АКШ Ооганстан, Украина кризистерин талкуулашты

Катар менен АКШнын тышкы иштер министрлери Ооганстан жана Орусия-Украина кризисин талкуулашты.

Катардын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Катардын тышкы иштер министри Шейх Мохаммед бин Абдулрахман Аль Тани менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча карым-катнаштары, эл аралык жана аймактык маселелер, ошондой эле 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина кризиси жана Ооганстандагы окуялар бааланды.



Тектеш кабарлар