Чернобыль атомдук станциясы мурдагы абалына кайтты

Эл аралык атом энергиясы агенттигинин төрагасы Рафаэль Мариано Гросси бир жылдай мурда  орус күчтөрү тарабынан басып алынган Чернобыль атомдук станциясынын оңдоп - түзөө иштери менен кадимки абалына келгенин айтты.

1934997

Чернобылга барган Гросси бул жерде туруктуу өкүлчүлүктүн түзүлүшү Агенттик, Украина жана мекеме үчүн да маанилүү экенин, бул туруктуу өкүлчүлүк менен коопсуздук жана байкоо жүргүзүү жагынан комплекстүү кызмат көрсөтө тургандарын белгиледи.

Бул сапар менен атомдук станциядагы учурдагы абал тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн тапкандарын белгилеген Гросси : «Чернобыль басып алынган бир жылдан кийин бардык нерсенин кайрадан жолуна түшүшү абдан маанилүү»,- деди.

Гросси басып алынганга чейинки деңгээлге ийгиликтүү жетишилгендигин айтты.

Чернобылдын кайрадан басып алуу же кол салууга дуушар болбошун каалаган Гросси бул жерде түзүлгөн  туруктуу миссиянын максаттарынын бири мындай коркунучтардын болушун алдын алуу экендигин баса белгиледи.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин төрагасы бул жердеги жолугушууларынан кийин борбор шаар Киевге барып, Украинанын премьер  - министри Денис Шмыгал менен жолугушту.

Жолугушуу тууралуу Твиттерден маалымат берген Гросси өткөн айда премьер  - министр Шмыгал менен өлкөдөгү атомдук коопсуздук үчүн бардык атомдук комплекстерде туруктуу миссия түзүү боюнча сүйлөшкөндөрүн, бүгүн болсо бул ойлорунун ишке ашкандыгын билдирди.

Тектеш кабарлар