Киевде тик учак кыйрады: 18 адам каза болду

Украина полициясынын башчысы Игорь Клименко болсо кыйраган тик учакта министр Монастирский жана анын орун басары Евгений Йениндин каза болгонун белгиледи.

1934569
Киевде тик учак кыйрады: 18 адам каза болду

Украинанын борбору Киевге жакын жерде тик учактын кыйрашынан улам ички иштер министри Денис Монастирский жана анын орун басары менен бирге 18 адам каза болду.

Киев облусунун губернатору Алексей Кулеба окуяда каза болгондордун саны 18ге жеткенин жана 15и бала 29 кишинин жаракат алганын билдирди.

Украина полициясынын башчысы Игорь Клименко болсо кыйраган тик учакта Монастирский жана анын орун басары Евгений Йениндин каза болгонун белгиледи.

Украин басма сөзүндө орун алган кабарларда, тик учактын бала бакчанын жанына кулап түшкөнү жана аймакта өрт чыкканы айтылды.

Украинанын Ички иштер министрлигинин кеңешчиси Антон Герашенко Facebook аккаунту аркылуу: «Кырсыктын себептери тергөөчүлөр тарабынан иликтенип жатат. Саботажбы, жабдыктын бузулушубу же учуу коопсуздугунун эрежелеринин бузулушубу, аны жакында билебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар